Бишкекте 1-июндан тартып ысык суу бериле баштайт   

  • 2 месяца мурун

1-июндан тартып Бишкекте көп кабаттуу үйлөргө жана социалдк мекмелерге ысык суу бериле баштайт.

Бул тууралуу Бишкек жылуулук түйүндөрү ишканасы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, биринчи кезекте социалдык объекттерге берилет, ал эми жылуу суу жалпысынан 3-4 күн ичинде берилет.

Бишкек жылуулук түйүндөрү авариялык абал жаралып калса (0312) 61-11-69, 1980, 0557 61-11-66, 0777 61-11-66, 0701 61-11-66 телефон номурларына жана диспетчердик кызмат 56-85-58 номуруна чалууну өтүнөт.

Жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлгөн.

Бул иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүүчү алдын алуу жана оңдоо жумуштарын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты