Бишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү

  • 4 месяца мурун

Бишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу 30-октябрга чейин Жукеев–Пудовкин көчөсүндө транспорт кыймылы убактылуу чектелет. Ушуга байланыштуу №1, №243 жана №226 автобустардын маршруту өзгөртүлдү.

Оңдоо иштери жүрүп жаткан убакта аталган автобустар Сүйөркулов жана Жукеев–Пудовкин көчөлөрү аркылуу каттайт. Иштер аяктагандан кийин автобустар мурдагы каттамдары боюнча жүрө башташат.

Мэрия келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты