Бишкекке ЖЕЭК жыйынына катышуу үчүн Александр Лукашенко келди  

  • 1 год мурун

8-декабрда «Манас» эл аралык аэропортунан Беларустун Президенти Александр Лукашенкону Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Александр Лукашенко Бишкек щаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЭЕК) жыйынына катышуу үчүн келди.

9-декабрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити өтөт.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты