Бишкекке Казакстандан 2000 автобус алып келүү пландалууда

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров НурСултан шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, өкмөт башчылар экономикалык, логистикалык, транспорттук, вегетациялык, суу-энергетикалык жана башка чөйрөлөрдөгү долбоорлорду илгерилетүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоону макулдашты.

Сүйлөшүү жүрүшүндө Аскар Мамин Бишкек шаарын автобус менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашырууга даярдыгын билдирип, Казакстанда өндүрүлгөн электр автобустарын сунуштаган. Казакстандык ишкерлер Кыргызстандын экономикасына кеңири чөйрөдө инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Мындан сырткары тараптар айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасады. Казак тарап кант өндүрүү менен алектенген кыргыз ишкерлери менен тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын билдирип, кант кызылчасын жана кант сырьёсун өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган.

Казак тарап 1000 тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берерин айтса, Акылбек Жапаров республиканын 12 миң тонна буудайга муктаждыгы бар экенин, аны сатып алууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планын («Жол картасы»), 2022-жылдын февраль айында ишке киргизүү пландалып жаткан «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү маселесин талкуулады.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, келечекте аны 2 млрд. АКШ долларына чейин жогорулатуу сунушталууда.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен 2-мартта барган. Анда мамлекет башчы эки мамлекеттин соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жатканын айткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты