Бишкек: Жолдорго өндүрүштүк туз себилип, кардан тазаланууда  

  • 11 месяцев мурун

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милиция бөлүмү менен бирге борбор шаардын жолдорун кардан тазалоодо.

8-январда саат 9:00гө карата 246 тонна өндүрүштүк туз керектелген. 71 атайын техника менен кызматкерлер  тротуарларды, жол жээктерин кардан тазалоодо.

“Тазалык” ишканасы Бишкек шаарынын аймагында карды тазалоо боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү 1850 жана 1840 телефондоруна чалып, ошондой эле 0554 182 185 (WhatsApp) номурлары боюнча сүрөттөрдү жөнөтүүнү суранат.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты