Бишкек ЖЭБде абал туруктуу экени айтылды

  • 3 месяца мурун

Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ)  абал туруктуу, жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат. Учурда 9 казан агрегаты жана 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градуска жакын. 

Энергетика министрлигинин маалымат боюнча, Бишкекке Орусиядан адистер келип, алар ата мекендик энергетиктер менен биргеликте ЖЭБди реконструкциялоо, оңдоо иштерин, объектини узак мөөнөткө долбоорлоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда.  

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров оңдоо иштерин тездетүү жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи. 

«Мындай жагдайлардын кайталанышына жол берүүгө болбойт. Бакыт Төрөбаев башында турган мамлекеттик комиссия окуянын ыктымал себептерин иликтейт. Ошол эле учурда имараттардын ичинде, зарыл болгон учурда эскертүүчү жана көзөмөлдөөчү тиешелүү датчиктерди орнотуу зарылчылыгын карап көрүү керек» деди ал. 

Президенттик администрацияда өткөн аппараттык жыйында Акылбек Жапаров адистер жарым-жартылай модернизациялоо, бүтүндөй ЖЭБ системасын модернизациялоо, же объектти толук жаңылоо варианттарын изилдей турганын белгиледи. Анын айтымында, мындан тышкары,  аймактардагы отканаларды модернизациялоо зарыл.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар.

2018-жылы 26-январда да катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн жылуулуксуз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда, 2017-жылы Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты