​ЖЭБ модернизациясы: Сотто күбөлөр көрсөтмө берүүдө

Бүгүн, 11-июлда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча соттук отурум улантылды.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Соттук отурумдун экинчи жарымында 86 күбөнүн бири- ЖЭБдин башкы игженеринин орун басары Н. Курманбеков суралды.

Мамлекттик айыптоочу суроо бергенде, ал 46 кишиден турган жумушчу комиссиясын жетектегенин билдирди. Алар Кытай тарапка нечендеген эскертүүлөрдү берген.

Сурак учурунда ЖЭБди модернизациялоо максатына жетпегенин айтты.

Ал эми андан мурда сот ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулун сураган. Ал кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатат.

Мамлекеттик айыптоочу ага химиялык цех тууралу айтып берүүнү суранды.

Ал жетектеген топ техникалык тапшырманы аткарып, аны “Электр станцияларына” өткөрүп берген. Андан кийин ал Ж. Назаров тарабынан бекитилген.

Анын техникалык-экономикалык негиздеме жок болгондуктан, группа корутунду бере алган эмес.

Күбө 386 млн доллар каражат долбоорлоо-сметалык документсиз эле аныкталганын айтты.

Кийин TBEA деталдарынын баасын көбөйтүп жибергенин билдирди. Анын бир мисалы 600 доллар турган аттиш болуп эсептелерин мисал тартты.

Тергөө ЖЭБ модернизациясы боюнча Кытайдан алынган 386 миллион доллар каражатты пайдаланууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт.

Сот 28-февралдан бери болуп жатат.

ЖЭБге байланыштуу экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов, “Энергохолдинг” башчысынын орун басары Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, финансы министри Ольга Лаврова айыпталып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты