Бишкек шаарынын Октябрь ИИБ кызматкери кылмышка шектүү катары издөөгө алынды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине  Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери С.Р. кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызматтык абалынан пайдаланыпөзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

С.Р. издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынанкамакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМ бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууларын өтүнөт:

• Чүй областы: (0312) 54-07 19:

• Жалал-Абад областы: (03722) 5-60-49;

• Ош областы: (03222) 2-30-78;

• Ысык-Көл областы: (03922) 5-11-80;

• Талас областы: (03422) 5-20-43;

• Нарын областы: (03522) 5-08-49;

• Баткен областы: (03622) 5-00-33.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты