Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Мирлан Молдобасаров дайындалды
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына жетекчиси болуп Мирлан Молдобасаров дайындалды.
Мирлан Модобасаров буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Анын ордуна Ажыбек Турумбеков дайындалды.
Эрмек Арымбаев жана Билимбек Досалиев капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалышты.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Сүрөттө: Мирлан Молдобасаров. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




