Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды
- 2 года мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. тарабынан пара алуу фактысын аныкталды. Ал ортомчу болгон М.С.А. аттуу адвокат аркылуу, каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн пара түрүндө 22 000 АКШ долларын алгандыгы белгиленди.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагы фактылардан улам, башкы прокурор тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.га жана адвокат М.С.А.га карата кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 342-берененин 1,2-пунктунун 3-бөлүгүндө («Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу») каралган негиздер боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн мойнуна алышкан.
13-февралда судьялар кеңешинин, ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.ны КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылган.
Жогоруда аталган фактыларды документтештирүүгө, ошондой эле судья А.М.А.нын жана башка адамдардын ушундай эле кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам – тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




