Бишкек шаарынын айрым турак үйлөрүндө эртең ысык суу убактылуу өчүрүлөт
- 8 месяцев мурун
Бишкек шаарында эртең, 17-октябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Шопен көчөсүндөгү жылуулук түйүнүндөгү бузулган жерлерди оңдоого байланыштуу 5-кичирайондо ысык суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Ысык суу төмөнкү даректердеги турак үйлөргө берилбейт: №68, 69, 70, 71, 72, 72/1, 73, 79, 80, 81, 82.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




