Бишкек шаарынын айрым райондорунда жылуулук убактылуу өчүрүлөт
- 2 недели мурун
Бишкек шаарынын айрым райондорунда 4-ноябрында саат 20:00дөн 6-ноябрдын саат 16:00гө чейин жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Жылуулук берүү төмөнкү райондордо убактылуу токтотулат.
— Учкун кичи району, 8, 8/1, 8/2, 9, 11, 12, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 33, 24а, 24б;
— Казан Булак көчөсү, 10;
— Үч тулга көчөсү, 15.
Ошондой эле 4-ноябрда саат 13:00дөн 9-ноябрдын саат 16:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук берүү убактылуу токтотулат.
— Сүйүмбаев көчөсү, 2;
— Герцен көчөсү 1, 6.
2025-жылдын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин төмөнкү даректерде жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук өчүрүлөт:
— Чүй проспектиси 115, 117, 119.
“Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууларын өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




