Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө суу убактылуу өчүрүлөт
- 3 месяца мурун
Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө 2-апрелде саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Өчүрүү аймагы: Ала-Арча суусу — темир жол тилкеси–Жибек-Жолу проспекти – Жаш Гвардия бульвары;
-Жаш Гвардия бульвары – темир жол тилкеси – Фрунзе көчөсү – Манас проспекти;
-Дэн Сяопин проспекти – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Пишпек көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.
Өчүрүү “Батыш — 2” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




