Бишкек шаарында жылуулук 3-ноябрдан тартып бериле баштайт

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын тескемесине ылайык, 2025-жылдын 3-ноябрынан тартып, борбор шаарда жылытуу мезгили башталат.

3-ноябрь күнү кечинде Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кызматкерлери жылуулук өндүрүү жана аны андан ары «Бишкек жылуулук тармагы»  муниципалдык ишканасына берүү процессин баштайт.

«Бишкек жылуулук тармагы» жана «Бишкек жылуулук энерго» муниципалдык ишканалары  бардык даярдык иштерин аяктап, шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында жана ишенимдүү туташтырууну камсыз кылууга даяр. Ишканалардын техникалык кызматкерлери мүмкүн болуучу кайрылууларга жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу максатында күчөтүлгөн иш режимине өтүштү» деп айтылат маалыматта.

Объектилерди жылытуу системасына кошуу бир нече этап менен жүргүзүлөт:

Биринчи кезекте — социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдары;

Экинчи кезекте — көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке сектор.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты