Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу ыктымал
- 2 года мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө, батыштан соккон, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ “шамал катталган учурда коопсуз жайларда болуңуздар! Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат” деп билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




