Бишкек шаарында Сооронбай Жусуевге эстелик таш орнотулду

  • 1 год мурун

Бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, ІІІ даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы сейил бакта акынга эстелик таш орнотулду.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова, Бишке шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана акындын жакындары, замандаштары, акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, күйөрмандары катышты.

Министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Сооронбай Жусуевдин элибиздин руханий байлыгына зор салым кошконун, терең философиялык ойлору менен кыргыз поэзиясынын көк тиреген чокусуна айланган улуу инсан экенин белгиледи. Ошондой эле, анын калтырган мурасы – кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин жана маданий өзөгүнүн ажырагыс бөлүгү экенин айтты.

Сооронбай Жусуевдин эстелик ташын орнотуу демилгеси акындын туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесинин иш-чаралар планына ылайык ишке ашырылды.

Бишкек шаарында Сооронбай Жусуевге эстелик таш орнотулду

Сооронбай Жусуев 2016-жылы 4-февралда каза болгон, сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты