Бишкек шаарында митингге тыюу салуу мөөнөтү узартылды

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарында тынч митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, сот Биринчи май райондук акимчилигинин 28-марттагы “тынч митинг өткөрүүгө тыюу салуу ордун чектөө” тууралуу чечимин канаттандырды. Бул тыюу мөөнөтү 30-июнга чейин узартылды.  

Бишкек шаарынын төмөнкү жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынат:

-Ала-Тоо аянты;

-Эркиндик бульвары-Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

-президенттик администрациянын имаратынын алды;

-Жогорку Кеңештин имаратынын алды;   

-Таттыбүбү Турсунбаева сквери;

-Жогорку соттун имаратынын алды;

-Орусия элчилигинин алды;  

-Панфилов паркы;   

-УКМК имаратынын алды.

Бул тыюунун мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларга тиешеси жок.

Каршылык митингдерин Бишкек шаарындагы Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький скверинде өткөрүүгө уруксат.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2022-жылдын март айында кабыл алынган.  

Буга чейин Бишкектин айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2024-жылдын 31-мартына чейин узартылган. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернте булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты