Бишкектин айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды

  • 4 месяца мурун

Бишкектин айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2024-жылдын 31-мартына чейин узартылды. 

Бишкек шаарынын төмөнкү жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынат:

-Ала-Тоо аянты;

-Эркиндик бульвары-Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

-президенттик администрациянын имаратынын алды;

-Жогорку Кеңештин имаратынын алды;   

-Таттыбүбү Турсунбаева сквери;

-Жогорку соттун имаратынын алды;

-Орусия элчилигинин алды;  

-Панфилов паркы;   

-УКМК имаратынын алды.

Бул тыюунун мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларга тиешеси жок.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2022-жылдын март айында кабыл алынган.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты