Бишкек шаарында фонтандар иштей баштайт

  • 2 месяца мурун

Эртең, 29-апрелде, Бишкек шаарынын түзүлгөн күнүндө фонтандар расмий түрдө иштей баштайт.

Бул тууралуу Бишкек мэрисы билдирди.

«Тазалык» ишканасы  фонтан комплекстерин ишке киргизүүгө даярданууда. Техникалык жабдууларды текшерүү, фонтандардын табактарын тазалоо жана системаларды суу менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Борбор шаар тургундары жана коноктору төмөнкү фонтан комплекстерине кайрадан суктана алышат:

— Ала-Тоо аянтындагы фонтан;
— Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;
— Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан;
— Ататүрк паркындагы фонтан;
— «Революция күрөшчүлөрүнүн» фонтаны;
— Токтогул көчөсүндөгү фонтан.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты