Бишкек шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин III парламенттер аралык форуму өтөт
- 9 месяцев мурун
23-сентябрда Бишкек шаарында парламенттер аралык III форуму өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.
Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент төрагаларынын катышуусу күтүлүүдө.
Форумдун негизги максаты – Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү.
III Парламенттер аралык форумдун жүрүшүндө миграция, инвестициялык климатты жакшыртуу, киберкоопсуздук маселелери талкууланат.
Буга чейин форумдар 2023-жылы Казакстанда, 2024-жылы Өзбекстанда өткөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




