Бишкек шаарына жылуулук бериле баштады

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарына бүгүн, 3-ноябрдан тартып жылытуу мезгили башталды

3-ноябрь күнү кечинде Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кызматкерлери жылуулук өндүрүү жана аны андан ары «Бишкек жылуулук тармагы»  муниципалдык ишканасына берүү процессин баштады.

Объектилерди жылытуу системасына кошуу бир нече этап менен жүргүзүлөт: Биринчи кезекте — социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдары. Экинчи кезекте — көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке сектор.

Бишкек мэриясы эгерде авариялык абал же суу каптоо сыяктуу кырдаал жаралса, дароо төмөнкү телефондорго кабарлоону сунуштады:

Кардарларды колдоо борбору:
(0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166

Диспетчердик кызмат:
56-85-58

Борбордук райондун үй ичиндеги системалар боюнча нөөмөттөгү инженерлери:
36-57-19, 30-07-67

Түштүк райондун үй ичиндеги системалар боюнча нөөмөттөгү инженерлери:
51-06-22, 21-74-06.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты