Бишкек шаары абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде орточо деңгээлде деп белгиленди   

  • 2 года мурун

17-декабрда Бишкек шаары абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде кайрадан артка жылды. Саат 8:45ке карата 48-орунга жылып, AQI⁺ 77ге чыкты.

Бишкек шаары бүгүн дагы абанын сапаты боюнча орточо деңгээлде турат. Бул көрсөткүч кечээ, 16-декабрда саат 8:54кө карата AQI⁺52, орточо деңгээлде болгон жана 76-орунда эле.   

Бишкек шаары абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде орточо деңгээлде деп белгиленди   

iqair.com

Булганыч делген дүйнөдөгү он шаардын катарына: Инлиянын Дели, Колката шаарлары, Босниянын Сараево шаары, Бангладештин Дакка шаары, Пакистандын Лахор шаары, Монголиянын Улан-Батор шаары, Вьетнамдын Ханов шаары, Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаары, Пакистандын Кпрачи шаары, Уганданын Кампала шаары кирди.

11-декабрда саат 20: 52ге карата Бишкек дүйнөдөгү абасы булганыч 10 шаардын ичинде сап башында турду. Мындагы абанын сапаты 292 AQI⁺ же эң булганыч деген шаарлардын биринчиси болгон. 

Иллюстрациялык сүрөттө: Бишкек. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты