Бишкек шаардык драма театрында Drama. Lab фестивалы өтөт

  • 2 месяца мурун

29-ноябрдан 1-декабрга чейин Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драмалык театрында театр өнөрүнүн күйөрмандары үчүн өзгөчө окуя — Drama. Lab драматургия фестивалы өтөт.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Иш-чаранын алкагында Борбор Азиянын драматургиялык лабораториясынын негизинде жаралган сегиз жаңы пьеса көрсөтүлөт. Бул лаборатория Ташкент шаарындагы «Ильхом» театрында өткөрүлгөн.

Пьесалар акыркы жылдын ичинде аймактын ар кайсы бурчтарынан келген таланттуу драматургдар жазган 25 эмгектин ичинен тандалып алынган. Фестиваль заманбап драматургия менен таанышууга жана бүгүн бизге жаңы пьесалар эмне үчүн керек, заманбап авторлор эмнени айткысы келет деген суроолорго жооп табууга мүмкүнчүлүк берет.

Фестивалдын ар бир күнү көрүүчүлөр үчүн чоң ачылыш болот:

• профессионалдуу актёрлордун аткаруусунда бир нече пьесанын окуулары;

• ар бир көрсөтүүдөн кийин талкуу жүргүзүлөт, анда сиз өз ой-пикириңизди бөлүшүп, башка көрүүчүлөрдүн көз карашын уга аласыз;

• акыркы күнү пьесалар жана фестиваль боюнча жалпы дискуссия менен жыйынтыкталат.

Күндөрү жана убактысы:

29-ноябрь — башталышы саат 17:00дө

30-ноябрь — башталышы саат 17:00дө

1-декабрь — башталышы саат 17:00дө

Өткөрүлүүчү жай:

А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драмалык театры, Чүй проспектиси, 28.

Билеттердин баасы: 300 сом.

Билеттерди сатып алуу:

Онлайн: @kassir.kg

Театрдын кассасы: +996 500 201 06

Долбоор Швейцария конфедерациясынын колдоосу менен ишке ашууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты