Бишкек шаар мэриясында бир катар жетекчилер кызматтан бошотулду

  • 4 месяца мурун

Комиссиянын корутундусунун негизинде Бишкек мэриясы Биринчи май районунун акими Мурат Осмоновду, акимдин орун басары Чыңгыз Байсовду, №14 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Азат Төлөкуловду кызматтан бошотту.

Алардын кызматтан бошотулушуна жаңы жылдык иш-чараларды уюштуруудагы кемчиликтери жана  интимдик кызмат көрсөткөн жайларды жабуу боюнча начар иштери негиз болгон.  

Улан Сарылбек уулу райондун акиминин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы  Кулиев көчөсүндө  21 киши сойкулукка көмөк көрсөтүп жаткандыгын, анын ичинен төртөө кармалганын кабарлаган. Анын арасында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери болгону жана ал кызматтан алынганы кабарланган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Москва райондук УКМК бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу учурунда бул тууралуу белгилеген.      

Мэрия комиссиясы Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Мурат Осмонов жана №14 мугицинапдык -аймактык башкармалыктын башчысы Азат Төлөкулов тарабынан бул тапшырма боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөгөндүгүн, талаптагыдай иш жүрбөгөндүгүн белгиледи.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты