«Бишкекгорлифт» ишканасынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды
- 2 года мурун
«Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору коррупциялык схема уюштурууга шектелип камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган ишкананын мурдагы жетекчиси С.М.А. жана башкы бухгалтери Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнө лифт орноткон уюмдарга төлөп берүүгө арналган бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталган.
УКМКнын маалыматы боюнча, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр белгилүү болгон.
Бишкек шаарынын мэриясы жыл сайын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен 100гө жакын лифтти алмаштырат. Лифттерди алмаштыруу боюнча иштерди уюштуруу жана ишке ашыруу «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасына жүктөлгөн. Ал өз кезегинде лифттерди орнотуу үчүн ар кандай иш аткаруучуларды жумушка тартат. Аталган тараптар ар бир лифтти алмаштыруу боюнча чыгымдардын сметасын 267 миң сом эсептеп чыккан. Бирок иш жүзүндө ишкана иш аткаруучу уюмдарга 135 миң сом төлөп берген. Ал эми каражаттын калган бөлүгү ар бир лифттен 132 миң сом өлчөмүндө жогоруда белгиленген жооптуу адамдар тарабынан «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасына ыйгарылган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасынын кабинеттеринде ишкананын мурдагы жетекчилиги үзгүлтүксүз негизде алыш-бериш эсебинен 150 миң сомдон 2 млн. сомго чейин акча каражатын негизсиз алгандыгын тастыктаган финансылык документтер табылган.
Мындан улам «Бишкекгорлифт» ишканасынын мурдагы директору С.М.А., кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда кылмыштын башка жагдайларын изилдөө, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы




