Бишкек шаар кеңешинин 1-сессиясында Бекжан Үсөналиев төрага болуп шайланды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 2-декабрда, Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Анда шаардык кеңештин төрагасы болуп Бекжан Үсөналиев шайланды.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Бекжан Үсөналиев 36 жашта, кесиби юрист, мурдагы чакырылышта “Ишеним” саясий партиясынан талапкер болгон. Учурда “Адилет” партиясы тарабынан көрсөтүлгөн. Анын талапкерлигине 43 депутат макул, төртөө каршы, үчөө калыс болуп, көпчүлүк тарабынан шайланды.
Вице-спикер болуп Жылдызбек Абдраимов жана Болот Ибрагимов шайланды.
Аймактык-административдик реформанын негизинде Бишкек шаар кеңешинде 51 депутат болду, буга чейин 45 депутат болчу.
Баш сүрөт: shailoo.gov.kg
Сүрөттө: Бекжан Үсөналиев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү