Бишкек мэриясынын транспорт департаментинин башкы адиси пара алууга шектелүүдө
- 2 месяца мурун
- Видео
Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башкы адиси А.Т.Т. тарабынан пара алуу фактысын аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кечээ, 22-февралда билдирди.
18-февралда А.Т.Т. аттуу кызматкер 60 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ал көзөмөлдөөчү органдар текшерет деп, коркутуу менен акча талап кылган.
Ошондой эле, А.Т.Т. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан ар кандай маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жарандан бир нече жолу пара алганы аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган. А.Т.Т. 19-апрелине чейин №1 тергөө абагына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы