Бишкек мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм департаментине директор дайындалды   

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору болуп Каныбек Жолчубеков дайындалды.

Бултууралуу  Бишкек мэриясы билдирди.

Ал буга чейин Раатбек Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин директору кызматын аркалаган.

Ал эми Жоомарт Шамканов «Дельфин» адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.

Сүрөттө: Каныбек Жолчубеков. bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты