Бишкек мэриясынын айрым ыйгарым укуктары акимчиликтерге өткөрүлүп берилет

  • 2 года мурун

Бишкектин жаңы дайындалган мэри Эмилбек Абдыкадыров мэриянын айрым ыйгарым укуктары райондук администрацияларга өткөрүлүп берилерин билдирди.

«Мурдагы мэр шаардык мэриянын түзүмүндө оптимизация жасаган. Мен бир аз түзөтүү киргиздим. Менин позициям акимчиликтерди күчтөндүрүү. Бардык чечимди мэрия кабыл албайт. Ар бир район чечимди өзү кабыл алуу сунушун киргиздим. Мен акимдерге укукту өткөрүп берем, ар бири өз районундагы маселени чечиши керек. Укук менен бирге каржыны дагы өткөрүп берип жатам. Ошону менен катар жоопкерчиликти дагы берем», — деди Абдыкадыров.

Анын айтымында, мэр шаарга инвестиция тартуу менен алектенет. Мындан тышкары ал мурдагы мэрдин шаардык кеңешке сунушталган «Бишкектин 2026-жылга чейин өнүгүсүү» программасын артка чакыртып алганын, өзүнүн алымча-кошумчасын киргизе турганын айтты.

24-февралда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри кылып Эмилбек Абдыкадыровду дайындаган. Мурунку мэр Айбек Жунушалиев президент администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси кызматына барды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты