Бишкек мэриясында вице-мэр милдетин аткаруучу дайындалды  

Бишкек шаарында отун-энергетика комплексиндеги иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ушуга байланыштуу кадрдык чечимдер кабыл алынды.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык  ишканасынын директору болуп Нургазы Курманбеков дайындалды.

Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетика комплекси боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу кызмат ордуна буга чейин энергетика министринин орун басары болуп иштеген Насипбек Керимов дайындалды.

20-августта Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мэриянын жылдын экинчи жарым жылдыгына карата алдыда турган милдеттери талкууланган коллегиянын отуруму өттү.

Бишкек мэриясында вице-мэр милдетин аткаруучу дайындалды  

Сүрөттө: Насипбек Керимов. bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты