Бишкек мэриясы Эгемендик күнүнө арналган майрамдык концертке чакырат
- 10 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мэриясы борбор шаар тургундарын жана меймандарды Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүн бирге белгилөөгө Ала-Тоо борбордук аянтына чакырат.
Саат 18:00дө баштала турган чоң концертте шаар тургундарын жана конокторун чыгармачыл топтордун программалары күтөт. Ошондой эле Иса Өмүркулов, Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Jax, Фриман, Бегиш, Малика Дина жана башка эстрада жылдыздарынын жагымдуу чыгармалары тартууланат.
Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамына карата негизги иш-чаралар Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт.
Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




