Бишкек мэринин шаардыктар менен жолугушуулары качан өтөрү жарыяланды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин шаар тургундары менен жолугушуу графиги жарыяланды.

Иш-чаралар шаардын бардык райондорунда ачык форматта өтүп, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары боюнча маселелерди талкуулоо аянтчасы болот.

Свердлов району

11-май күнү саат 16:00дө жолугушуу Кыргыз-Россия славян университетинде (КРСУ) өтөт. Дареги: Киев көчөсү, 44.

12-май күнү саат 16:00дө Ч. Айтматов атындагы лицейде болот. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.

Биринчи май району

13-май күнү саат 16:00дө райондун жашоочулары менен жолугушуу М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт. Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.

14-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда болот. Дареги: Т. Абдумомунов көчөсү, 197.

Ленин району

15-май күнү саат 16:00дө жолугушуу К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Дареги: Ч. Айтматов проспектиси, 24.

16-май күнү саат 16:00дө жолугушуулар Кыргыз улуттук университетинде уланат. Дареги: Фрунзе көчөсү, 547.

Октябрь району

18-май күнү саат 16:00дө райондун тургундары мэр менен «Таберик» залында жолуга алышат. Дареги: Байтик Баатыр көчөсү, 17.

19-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өтөт. Дареги: Анкара көчөсү, 1/8.

Президент Садыр Жапаров 11-майдан тартып, облус бардын жана шаарлардын жетекчилери жергиликтүү калк менен жолугуша баштай турганын билдирди.

-Жалпыга маалым, жакында эле Ош облусуна иш сапар менен барып, шаардын жана облустун жети районунун тургундары менен жолугушуп келдим. Эл менен болгон жолугушууларда байкаганым, тургундар көтөргөн маселелердин 80 пайызы райондук, облустук деңгээлде чечиле турган маселелер экен. Калган 20 пайызы гана мектеп, таза суу, стратегиялык маанидеги жолдорду салуу өңдүү республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган маселелер болду, -деди президент.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты