Бишкек-Худжанд багыты боюнча аба каттамы 8-апрелден тартып аткарылат
- 1 месяц мурун
«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Худжанд багыты боюнча жаңы каттамдын ачылышын жарыялады.
Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому билдирди.
Бул каттамдын алкагында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер, «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын жана «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын жетекчилиги катышкан техникалык каттам аткарылды, анда жаңы багыттын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
«Кыргызстан аэропорттору» белгилегендей, каттамдын негизги максаты – коомчулукту жаңы багыттын ачылышы тууралуу кабардар кылуу, ошондой эле тейлөө сапаты жана учуулардын коопсуздугу менен тааныштыруу болду. Бишкек-Худжанд багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар 8-апрелден тартып жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат. Билеттерди компаниянын расмий сайты жана asmanairlines.kg тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.
Сүрөт: «Кыргызстан аэропорттору»