“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын кампасынан өрт чыгып, бир киши каза тапты
- 5 месяцев мурун
Бүгүн, 22-январга караган түнү, Бишкек шаарынын Ленин районундагы “Бишкек” эркин экономикалык аймагында жайгашкан кампадан өрт чыгып, бир киши каза тапты
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүүчү унаа жана штаб тартылган.
“Тилсиз жоо” саат 02:58де чектөөгө алынып, саат 05:58де өчүрүлгөн.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзгөн. Өрт кырсыгынан чет элдик жаран каза каза болгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




