Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча аба каттамы ачылды
- 1 жыл мурун
Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча жаңы аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Аэропорттон билдиришкендей, 19-ноябрда «Аэро Номад Эйрлайнс» жаңы ата-мекендик авиакомпаниясы Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча Airbus А320 учагы менен менен алгачкы чартердик каттамын ишке ашырды.
Авиакомпания ар жума сайын Бишкек-Дели-Бишкек багытында каттоону пландап жатат.
2021-жылдын 5-ноябрында «» ЖЧКсы Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинен туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укук алган.
Муну бөлүшүү