Бишкек: Борбор шаардын 147 жылдыгы белгиленет
- 4 недели мурун
Бишкек шаарынын мэриясы RCA Living компаниясы менен бирге 26-27-апрелде Бишкек шаарынын 147 жылдыгына карата оюн-зоок иш-чара өткөрүүнү пландаштырууда.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул күндөрү борбордук Ала-Тоо аянтында саат 13:00дөн 22:00гө чейин салттуу жана заманбап технологияларды айкалыштырган спектаклдер жана оюн-зоок көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү күнү бою жаштардын флешмобдору өтүп, шаар тургундарын кызыктуу саякатка алып барат.
Ошондой эле, жандуу үн менен коштолгон концерт, көз жоосун алган бий, виртуалдуу технологияларды колдонгон стенддер жана интерактивдүү оюндар шаар тургундарыа майрамдык шаң тартуулайт.
Иш-чарада өзгөчө добуштар менен коштолгон 3D- мэппинг шоу келген конокторго унутулгус таасир калтырары айтылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан