Бишкек: Аялдардын укугу үчүн тынчтык жөө жүрүшү уюштурулду (Видео)

  • 1 год мурун

Бүгүн. 8-мартта, Бишкек шаарында аялдардын укугу үчүн тынчтык жөө жүрүшү уюштурулду.

Катышуучулар саат 13тө борбор шаардагы Кожомкул атындагы Спорт ордосунда чогулушту. Жөө жүрүштүн катышуучулары Тоголок Молдо, Фрунзе көчөлөрүнөн өтүп, Эркиндик бульварын карай бет алышты.

Тынчтык жөө жүрүшүнүн уюштуруучулары 8-март- Аялдардын социалдык, экономикалык жана саясий укугу үчүн тилектештигинин күнү экендигин белгилешти.   

Жөө жүрүштө «Аялдардын укуктары корголсун!», «Адилеттүүлүктү издейбиз!», «Аялзатка — эркиндик!», «Коопсуз жерлер көбөйсүн!», «Сот жумушун жакшы аткарсын!» жана башка ураандар жар салынды.

«ПолитКлиника» медиасы тынчтык жөө жүрүшүнөн түз эфир уюштурду.

Cүрөт: Кактус медиа.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты