«Бишкек автобекетине» кантип жетсе болот жана аймактарга кайсы каттамдар кетет? Мэрия маалымат берди

  • 1 год мурун

Борбор шаардын мэриясы Бишкектин Алма-Ата 1/1 дарегинде жайгашкан «Бишкек автобекетинен» аймактарга кайсы кичи автобустар кетери, ошондой эле аталган автобекетке шаар ичинен кайсы автобустар барары тууралуу маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, бул автобекет эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдардын тейлейт.

Нарын жана Ысык-Көл облустарына жөнөгөн каттамдар «Бишкек автобекет» ишканасынын жаңы автобекетинен кетет. Аталган облустарга төмөндөгү маршруттук каттамдар кетет:

Кичи автобустар:
519 – Жети-Өгүз – Бишкек
506 – Чолпон-Ата-Ананьево – Бишкек
504- Кажысай-Бөкөнбаев – Бишкек
501 – Каракол – Бишкек
589 – Ак-Суу – Бишкек
508 – Балыкчы – Бишкек
587 – Түп – Бишкек
566 – Бозучук – Бишкек
510 – Нарын – Бишкек
512 – Атбашы – Бишкек
602 – 8-март – Бишкек
514 – Чаек – Бишкек
511 – Баетов – Бишкек
513 – Кочкор – Бишкек  
604 – Ак муз – Бишкек
584 – Өзгөрүш – Бишкек
575 – Казыбек – Бишкек
534 – Кызарт – Бишкек
516 – Миңкуш Орнок – Бишкек

Түнкү автобус каттамдары:
401 – Каракол – Бишкек (түштүк — 20:50)
401 – Каракол – Бишкек (түндүк — 21:00, 22:00, 23:00)
411 – Баетов – Бишкек (19:00)
701 – Алмата – Бишкек (8:00, 10:00, 12:00, 14:00, 18:00)
Бозучук – Бишкек (23:30)
Казыбек – Бишкек (21:00)
Ташкент – Бишкек (19:00, 21:00)
Ташкент Жизак – Бишкек (15:50)

Жаңы автобекетке Бишкек шаарынын ичинен  №13, №34 автобустар жана №123, №128 кичи автобустар кетери айтылды.

Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттаган каттамдар Бишкектин батыш тарабындагы жаңы «Ак-Кула» ат майданы курула турчу аймактан жөнөйт. «Аккула» ат майданы жайгаша турчу жерге чейин шаар ичинен №13, №40 автобустар жана №258 кичи автобус барат»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты