Биринчи май райондук ИИБ тергөөчүсү пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсүн пара менен кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, РИИБдин тергөөчүсү юстициянын капитаны Б.У.А кармалгандар менен жолугушууга уруксат берүү үчүн опузалап акча алууга шарт түзгөн. Б.У.А. шектелген жана камакта жаткан адамдар менен жакын туугандарынын жеке жолугушуусун өткөрүү маселесин чечүү укугуна ээ болуп, ар кандай негиз жана негизсиз шылтоо менен чечимди создуктурган же жолугушууга уруксат берүүдөн баш тарткан.

24-февралда тергөөчү Б.У.А. камактагы адамга жолуктуруу  үчүн пара алып жаткан жеринен кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмышка шектүү катары, жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте Б.У.А Бишкек шаардык ИИБдин  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө — ыкчам иш-чаралар улантылып жатканы айтылды.  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты