Бир жумада Талас облусунда 20дан ашык өрт катталды. Жергиликтүү бийлик тургундарга кайрылуу жасады
- 1 месяц мурун
- Видео
Талас облусунда соңку бир жума ичинде өрт кырсыктары көп катталгандыгына байланыштуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев кайрылуу жасап, дыйкандарды жана жергиликтүү тургундарды талааларды, айдоо аянттарындагы калдыктарды өрттөөдө этият болууга чакырды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Ал белгилегендей, жарандар чылым чегүүдөгү жоопкерчиликсиз мамиледен, адамдык факторлордон улам ири өрт кырсыктарына жол берилүүдө. Андыктан талаа иштерине даярдык көрүү, тазалоо иштеринде өрт коопсуздук эрежелерин так сактап, кырсыктын алдын алууну өтүнүп кетти.
Бир жуманын ичинде Талас облусу боюнча 20дан ашык өрт кырсыгы катталып, Бакай-Ата районундагы Кең-Арал, Миң-Булак айылдарында ондогон гектар токойлор өрттөндү.
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги облустук бийлик менен бирге өрт коопсуздугу боюнча элге түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүнү улантууда.
18-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы токойдон өрт чыкты.
Сүрөт: ӨКМ