Таласта токойдон өрт чыкты

  • 1 месяц мурун

18-мартта саат 12:52де Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы токойдон өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «өрттү өчүрүүгө ӨКМден өрт өчүрүүчү беш унаа, 40 куткаруучу 2 мотопомпа менен тартылган. Мындан тышкары токой кызматынан 35 киши, жергиликтүү тургундардан 60 жалпы 135 киши жалынды чектөө аракетин көрдү.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз жоо саат 19:28де өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен токойдун аймагында жана ачык аянтта болжол менен 40 га куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн. Жабыркагандар жок.

Өрт ачык аянтта чыгып, жалындын күч алышына шарт түзгөн шамалга карабастан, жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын жана атайын шаймандардын күчү менен өрттү өчүрүп калууга мүмкүнчүлүк түзүлдү».

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты