Бир мандаттуу округдардан кайра шайлоого 72 талапкер арыз берди  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-январда, саат 18:00дө бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов шайлоо округунан талапкерлердин арызын кабыл алуу соңуна чыкты.

Саат 18:00гө карата 72 талапкерден арыз түштү. Анын ичинен  26 талапкер каттоодон өттү.

2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты