Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына кошумча каражат бөлүнөт
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинети республикалык бюджеттен бир катар саламаттык сактоо уюмдарына кошумча каражат бөлүү чечимин чыгарды.
Бул тууралуу чечимге Акылбек Жапаров кол койгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
-Республикалык бюджеттен кошумча каражат Талас медициналык колледжинин жылытуу системасын оңдоо үчүн -5, 0 млн сом;
-шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына лифт, медициналык жабдуу сатып алуу үчүн жана соматикалык корпус куруу үчүн – 70, 0млн сом;
-Улуттук хирургия борборуна медициналык жабдуу сатып алуу жана операциялык блок менен реанимация бөлүмүнүн капиталдык ремонту үчүн – 33,0 млн сом бөлүнмөкчү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү