«Би-Би-Си» жетекчиси Тим Дэйви жана жаңылыктар кызматынын башчысы Трамптын сөзүнүн редакцияланганы үчүн кызматтан кетишти

  • 2 месяца мурун

“Би-Би-Синин” башкы директору Тим Дэйви жана BBC News жаңылыктар кызматынын башчысы Дебора Тернесс  АКШнын президенти Дональд Трамптын сөзүнүн редакцияланганы үчүн отставкага кетти. Бул тууралуу британиялык басылма 9-ноябрда билдирди.  

Буга чейин The Telegraph гезити “Би-Би-Синин” кызматтык кат жазышуусун, Panorama программасы Трамптын сөзүнүн эки бөлүгүн редакциялап бириктирип, Трамп 2021-жылы Капитолийдеги баш аламандыкты кубаттагандай таасир калтыргандыгын билдиргендигин жазган. Ушуга байланыштуу британиялык оппозициялык консеравитивдик партиянын лидери Кеми Баденов “Би-Би-Си” жетекчисинин отставкага кетишин талап кылган.  

“Би-Би-Синин” башкы директору Тим Дэйви отставкасынын себебин мындайча билдирген:     

-“Би-Би-Си” башка мамлекеттик уюмдар сыяктуу эле идеалдуу эмес, биз ар дайым ачык-айкын болуп жана өз сөзүбүзгө жооп беришибиз керек. Менин чечимине жалгыз эле ушул маселе эмес, ошондой эл «Би-Би-Синин» айланасындагы дискуссиялар да таасирин тийгизди. Жалпысынан “Би-Би-Си” жакшы иштейт, бирок айрым каталыктар кетти. Башкы директор катары мен акыркы жоопкерчиликти алышым керек” деп билдирди.

Ал эми Дебора Тернесс өзүнчө билдирүүсүндө жоопкерчилик өзүндө экенин айтты.  

Тим Дэйви “Би-Би-Сиде” 2005-жылдан бери иштеген. 2020-жылдын сентябрь айынан бери башкы директорлук кызматты аркалаган.  

Сүрөттөр: «Би-Би-Си»      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты