Адилет Жанузаков туризм фондунун башкы директору болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Адилет Жанузаков Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу экономика министрлиги билдирди.
Адилет Жанузаков 1986-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында туулган. Ал 2009-жылы Россиянын Коргоо министрлигине караштуу Аскер университетинин юридикалык факультетин 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Буга чейин ал кайтаруу жана конвой кызматынын төрагасы кызматында иштеген. Президенттик администрацияда жана өкмөттүн аппаратында эмгектенген.
Сүрөт: mineconom.gov.kg
Муну бөлүшүү




