Берлинде «Ала-Тоо — тоолор симфониясы» кыргыз маданий кечеси өткөрүлдү

  • 1 год мурун

29-апрелде Берлин шаарында «Ала-Тоо — тоолор симфониясы» деген темада кыргыз маданий кечеси өткөрүлдү.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Германиянын министрликтери менен ведомстволорунун, Берлиндеги дипломатиялык корпустун, ар кандай германиялык компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев тоо экосистемасын, айлана-чөйрөнү жана климатты коргоонун маанилүүлүгүн белгилеп, башка мамлекеттерди Кыргызстандын тоо демилгесин колдоого чакырды.

Кеченин коноктору үчүн тоо темасына арналган сүрөт көргөзмө, ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын опера солисттеринен, немис музыканттарынан жана виртуоз-аккордеончу Айдар Гайнуллинден концерт тартууланды.

Мындан тышкары, дизайнерлер Жумагүл Сариева жана Назгүл Каарова тарабынан улуттук элементтерди камтыган киймдердин модасы көрсөтүлдү.

Иш-чараны Германиядагы элчилик, германдык өнөктөштөр жана Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын активдүү өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүштү.

2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын резолюциясы бир добуштан кабыл алынып, тоо маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында 2023-2027-жылдарды “Тоолорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” деп жарыяланды.

Берлинде «Ала-Тоо - тоолор симфониясы» кыргыз маданий кечеси өткөрүлдү
Берлинде «Ала-Тоо - тоолор симфониясы» кыргыз маданий кечеси өткөрүлдү
Берлинде «Ала-Тоо - тоолор симфониясы» кыргыз маданий кечеси өткөрүлдү

Сүрөттөр: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты