Бажы кызматы Ыдырыс Исаковдун YouTube каналына жарыяланган видеоматериалды төгүндөөнү талап кылды

  • 3 месяца мурун

Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы Ыдырыс Исаковдун YouTube каналында жарыяланган “Казынаны какшаткан жыртык” аттуу видеоматериал боюнча комментарий  берди.

Ал бажы кызматынын сайтына жарыяланды.

Комментарийде мындай деп айтылат:

“Көз карандысыз журналист Ыдырыс Исаков маалыматтык мүнөздөгү, анын ичинде иликтөөгө байланыштуу материалдарды жарыялоодон мурда, маалыматтын аныктыгын текшерип, чагылдырылып жаткан жагдайды тереңирээк иликтеп чыгышы керек эле.

Видеоматериалда Ыдырыс Исаков «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына жыгач материалдарын ташып келүү боюнча жагдайы айтып, ошол эле учурда аталган өткөрмө пунктунда бажы кызматындагы коррупциялык аракеттер жөнүндө бир нече жолу айтып, ведомствонун ишмердүүлүгүндө тартипти орнотууну талап кылат.

Ошол эле учурда Исаков башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлеринен интервью алып, бирок бажы кызматын күнөөлөөнү улантууда. Мындай аракеттер көз карандысыз журналист каралоо боюнча атайын иш алып барып, бажы кызматын коомчулуктун алдында жаманатты кылуу максатын көздөйт же серепчи мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнбөйт деген ойго түртөт.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, Ыдырыс Исаковду кетирген катасын оңдоого жана бажы кызматынын дарегине айтылган айыптар боюнча төгүндөө түрүндө видеоматериал жарыялоого чакырабыз. Болбосо, бажы кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын аброюн коргоо үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга аргасыз болот” деп айтылат комментарийде.

Мекеме Кыргызстан 2015-жылы Евразия Экономикалык Бирлигине (ЕАЭБ) кошулганын эскертип, уюмга мүчө мамлекеттердин аймактарынын ортосунда товарларды бажы декларациялоо жана мамлекеттик көзөмөлү жок, эркин ташуу ишке ашырыла турганын билдирет. Башкача айтканда, 9 жылдан бери кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү жок экенин эскертти.

Ыдырыс Исаков 19-июнда «Казынаны какшаткан жыртык» аттуу иликтөөнү 17-июнда жарыяланган. Иликтөө бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты