Базарбаев мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору болуп дайындалды

  • 8 месяцев мурун

Кудайберген Базарбаев мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.   

Кудайберген Базарбаев бир жума мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кызматынан бошотулган. Анын ордуна мурда саламаттык сактоо министри болуп иштеген Гүлнара Баатырова дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты