Батыш Казакстан облусунда суу ташкындан улам 600дөн ашык тургун эвакуацияланды

  • 2 года мурун

Селден улам буга чейин үч районуна өзгөчө абал киргизилген Батыш Казакстан облусунда дагы эки айылды суу каптады. Бул тууралуу Облустук өзгөчө кырдаалдар департаменти кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 3-апрель күнү эртең менен Жанибек районундагы Жаксыбай жана Таловка айылдарын суу каптаган.

«Жаксыбай айылында 170 үйдөн 637 киши эвакуацияланды — бул жалпы тургундардын жарымынан көбүн түзөт. Айылдагы мектептин имаратына 305 адам, анын ичинде 89 бала жайгаштырылды. Калгандары туугандарыныкына кетишти. Таловка айылында эки үйдү суу каптады. Алардан сегиз киши куткарылды» деп жазылган департаменттин билдирүүсүндө.

Мекемеден учурда бул райондо өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси каралып жатканын, коңшу аймактардан куткаруучулар жардамга чакырылганын кошумчалашты.

Соцтармактарга тараган видеолордо көчөдөгү суу бир метрге чейин көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.

— Айылдагы үйлөрдүн жарымынан көбү зыянга учурады. Жакын жердеги чек арачылар (айыл казак-орус чек арасына жакын жайгашкан) жардам берип жатышат. Эч ким уктаган жок, түнү бою адамдар эвакуацияланды. Кайыктар менен мектепке жөнөтүп жатышты. Суу дале болсо келип жатат» деди Жаксыбай айылынын тургуну.

2-апрелде селге байланыштуу Батыш Казакстан облусундагы Бөрүлү, Каратөбе жана Шыңгырлау райондорунда өзгөчө абал режими киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты