«Баткенге жардам» штабында ыктыярдуу жаштар иштеп жатат (Фоторепортаж)

Каба уулу Кожомкул атындыгы спорт ордосунда “Баткенге жардам” опертивдүү штабы иштеп жатат.

Баткен жергесинде жабыр тарткан мекендештерибизге көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн оперативдүү штаб Министрлер кабинети тарабынан уюштурулуп,  учурда күнү- түнү токтоосуз иш алып барып жатат.

Анда  баткендиктерге биринчи кезекте керектелүүчү азык- түлүк, дары- дармектер, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, кир-жуучу каражаттар жан  жууркан- төшөктөр чогултулууда.

Гуманитардык  жардамды таңгактоого жалпы 1500гө  жакын ыктыярдуу жаштар иштеп жатат.

2022-жылдын 17- сентябрындагы саат 16:00 карата штабдан Баткен облусуна 5 оор жүк ташыган унаалар менен жардамдар жөнөп кетти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты